Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 3-декабры № 01-01/64
Жерге укук берүү комиссиясы жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 01-апрелиндеги кезексиз VI сессиясында бекитилген № 01-01/32 токтомуна берген, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Жерге укук берүү жана шаар куруу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Б.Абдибаийтовдун сунушун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Жерге укук берүү жана шаар куруу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Б.Абдибаийтовдун сунушу эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 01-апрелиндеги кезексиз VI сессиясынын № 01-01/32 токтому менен түзүлгөн, Кочкор-Ата шаардык мэриянын «Жерге укук берүү боюнча» комиссиясынын аткарган иштерин көзөмөлдөөнү, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Жерге укук берүү жана шаар куруу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Кочкор-Ата шаардык мэриянын «Жерге укук берүү боюнча» комиссиясынын аткарган иштерин көзөмөлдөөнү, түзүлгөн иш пландын негизинде алып бару, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Жерге укук берүү жана шаар куруу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары К.Д.Арстанбаевага милдеттендирилсин.
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасы |
Б. Артыков |