Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 3-декабры № 01-01/65
Тургенева көчөсүнүн жашоочусу Эшиев Айбектин арызын кароо жөнүндө
Кочкор-ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Тургенева көчөсүнүн жашоочусу Эшиев Айбектин жазган арызы боюнча, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Жерге укук берүү жана шаар куруу маселелери боюнча» туруктуу комиссиянын корутундусун карап, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эшиев Айбектин арызы канааттандырылсын, мурдагы жеке менчигине сатып алган сүт заводунун жер аянтынын профили өзгөртүлүп, жеке менчик турак жай курууга уруксат берилсин.
2. Турак жай курууга бардык иш кагаздарды даярдап берүү, райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.М.Нусупбековго милдеттендирилсин.
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасы |
Б. Артыков |