Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-декабры № 5-7-2
Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын 2013-ж. бюджетине алымча жана кошумча киргизүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаардык мэриясынын 2013ж. 28.11. №01-14/1121, 2013ж. 11.11. №01-14/1039 «Майлуу-Суу шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын», «Шаардык билим берүү бөлүмүнүн аппаратынын», «Шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу» мекемесинин кызматкерлерине кошумча акча каражатын кароо жөнүндө», жана шаардык ветеринардык инспекторунун 2013ж. 25.09. №16 каттарын угуп, талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, шаардык Кеңештин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаардык мэриясынын 2013ж. 28.11. №01-14/1121, 2013ж. 11.11. №01-14/1039 «Майлуу-Суу шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын », «Шаардык билим берүү бөлүмүнүн аппаратынын», «Шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу» кызматкерлерине кошумча акча каражатын кароо жөнүндө», жана шаардык ветеринардык инспектордун каттары эске алынсын.
2. Жергиликтүү бюджетте шаардык мэриясынан жана шаардык Кеңештен «Зар.плата» жана «Отч. в соц.фонд» беренелеринен үнөмдөө болгон акча каражатты жалпы суммасы 215,5 миң сом «Майлуу-Суу шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгын» жана «Шаардык билим берүү бөлүмүнүн аппараттын» «Зар.плата» жана «Отч. в соц.фонд» беренелерине которулсун.
3. «Майлуу-Суу шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгын» жана «Шаардык билим берүү бөлүмүнүн аппараттын» кызматкерлерине 2000 (эки миң) сомдон ар бир кызматкерлерге тамак –ашына жана жолкиресине кошумча төлөө үчүн уруксат берилсин, мыйзамдуулугу шаардык мэрия тарабынан көзөмөлгө алынсын:
- «Майлуу-Суу шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгына»- 214,6 миң сом;
- «Шаардык билим берүү бөлүмүнүн аппаратына»- 96,1 миң сом:
4. «Шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу» мекемесинин тизмесине ылайык жумушчуларына өзүнүн сметасында экономия болгон каражаттан 2013 жылдын октябрь, ноябрь, декабрь айларына 1500 (бир миң беш жүз) сомдон акча каражаты кошумча төлөнсүн, жалпы акча каражаттын кошумчасы 40500 сом түзөт.
5. «Шаардык ветеринардык участкасына» 2 штат ачылып, алардын айлык акысы жергиликтүү бюджеттен 2014 ж. 1 январдан баштап каржылансын.
6. Майлуу-Суу шаарынын каржы бөлүмүнүн 2013ж. бюджеттин планын тактоо боюнча иш жүргүзсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика жана бюджет боюнча шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясына (Бакалаев Р.К.) жүктөлсүн.
Майлуу-Суу айылдык кеӊешинин төрагасы |
К.Т. Шадманов |