Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-декабры № 5-7-4
Майлуу-Суу шаарынын коммуналдык мекемелерин, ооруканасын, мектептерин жана бала-бакчаларын 2013-2014-жылдардын күз-кыш мезгилдерине даярдоо боюнча иш чаралардын аткарылуусу жөнүндө
Майлуу-Суу шаардык Кеңештин өнөр жай, энергетика, транспорт, курулуш, коммуналдык чарбалар жана соода-сатык боюнча шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасы А.С. Асановдун, Майлуу-Суу шаарынын коммуналдык мекемелердин жетекчилерин, саламаттыкты сактоо, билим берүү башчыларынын кышка даярдык коруу иши жөнүндө маалыматтарын угуп жана талкуулап, шаардык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаардык Кеңештин өнөр жай, энергетика, транспорт, курулуш, коммуналдык чарбалар жана соода-сатык боюнча шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасы А.С. Асановдун, Майлуу-Суу шаарынын коммуналдык мекемелердин жетекчилерин, саламаттыкты сактоо, билим берүү башчыларынын кышка даярдык коруу иши жөнүндө маалыматтары эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаарынын мэри Сатыбалдиев К.У. тарабынан, депутаттык комиссиянын маалыматында көрсөтүлгөн кемчилдиктер, 2013ж. 25 декабрь күнүнө чейин тийиштүү денгээлде аткарылышы камсыз кылынсын.
3. Майлуу-Суу шаарынын мэриясы (Сатыбалдиев К.У.) шаардык коммуналдык мекемелердин жетекчилери менен биргеликте 2013-2014-жылдардын күз-кыш өткөзүү боюнча иш чараларын көзөмөлгө алышып, так аткарышсын.
4. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын бюджети тартыш болгон үчүн Шаардык билим берүү мекемеси (Карашова Г.А.), мектептердин жана бала бакчалардын мүдүрлөрү менен биргеликте имараттарыды ондоо боюнча жана жылуулук системаларын алмаштыруу боюнча 2014 жылга долбоорлорду (проект) даярдап эл аралык фонддорго жана КР билим берүү министрлигине сунушталсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин өнөр жай, энергетика, транспорт, курулуш, коммуналдык чарбалар жана соода-сатык боюнча шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясына (Асанов А.С.). жүктөлсүн.
Майлуу-Суу шаардык кеӊешинин төрагасы |
К.Т. Шадманов |