Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-декабры № 5-7-5
Кыргыз Республикасынын «Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү жөнүндө» мыйзамынын жана 10-февраль 2010-ж. №25 Кыргыз Республикасынын «Салык кодексин ишке ашыруу жөнүндө» мыйзамынын негизинде, Салык кызматынын башчысынын орун басары М. Намазбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, шаардык Кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү жөнүндө» мыйзамынын жана 10-февраль 2010-ж. №25 Кыргыз Республикасынын «Салык кодексинин ишке ашыруу мыйзамы» жөнүндөгү Салык кызматынын башчысынын орун басары М. Намазбековдун маалыматы эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаарынын «экономикалык –пландоо зонасына байланыштуу Кз зоналык коэффициент Кыргыз Республикасынын 1-январь 2010-ж. мыйзамынын 339 беренесинин 4 бөлүгүндө көрсөтүлгөндөй, төмөндөгүдөй такталсын:
-Майлуу-Суу шаары боюнча–1,2
-Кок-Таш жана Сары–Бээ аймактык башкармалыгы боюнча -1,0
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика жана бюджет боюнча шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясына (Бакалаев Р.К.) жүктөлсүн.
Майлуу-Суу шаардык кеӊешинин төрагасы |
К.Т. Шадманов |