Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-декабры № 5-7-6
Майлуу-Суу шаарынын аймагында мүлк жана жер салыгын киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 31-беренесинин 3-бөлүмүнүн жана Кыргыз Республикасынын 17.10.2008-жылдагы №231. «Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин ишке киргизүү» боюнча мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүкчөсүнүн негизинде Майлуу-Суу шаардык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Майлуу-Суу шаарынын аймагында 2014-жылдын 1-январынан төмөнкү салыктар күчүнө кирсин:
-Мүлк салыгы.
-Жер салыгы.
2. Ушул токтомдун 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн аймакташтырылган салыктар Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин негизинде жүргүзүлөт.
3. Ушул токтомду каттоодон өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигине Мамлекеттик укуктук ченемдик актылардын тизмесине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика жана бюджет боюнча шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясына (Бакалаев Р.К.) жүктөлсүн.
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
К.Т. Шадманов |