Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-декабры № 5-7-7
Эмгек рыногунда атаандаша албаган калктын айрым категорияларын иш менен камсыз кылуу максатында ЖЧК «МСЛЗ»на 2014 жылга жумуш орунга квота бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 295, 314 статьяларына ылайык, Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Шаардык бөлүмүнүн 2013 ж. 3 декабрь №72 каттын негизинде маалыматтарды угуп, талкулап, V кезектеги сессия,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 295, 314 статьяларына ылайык, Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Шаардык бөлүмүнүн 2013 ж. 3 декабрь №72 катынын негизинде маалыматтар эске алынсын.
2. Эмгек рыногунда атаандаша албаган калктын айрым категорияларын иш менен камсыз кылуу максатында ЖЧК «МСЛЗ»га 2014 жылына 8 жумуш орунга квота бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл, социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана чойрону коргоо, диний иштер, регламент жана этика боюнча турукту комиссияга (Суйумбаев К.А.) жүктөлсүн.
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
К.Т. Шадманов |