Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-декабры № 5-7-9
Ичуучу суунун, суу калдыктарын алып (канализация) чыгуу жана тазалоо тарифтерин бекитүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаардык мэриясынын 2013ж. 06.11. №01-14/1040 «Ичуучу суунун, суу калдыктарын алып (канализация) чыгуу жана тазалоо тарифтерин бекитүү боюнча» катын угуп, талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, шаардык Кеңештин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаардык мэриясынын 2013ж. 06.11. №01-14/1040 «Ичуучу суунун, суу калдыктарын алып (канализация) чыгуу жана тазалоо тарифтерин бекитүү боюнча» каты, депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Шаардык «Водоканал» мекемесинин тарифтери төмөнкүдөй бекитилсин:
- «Муздак суу 1 куб м.-5 сом 57 тыйын НДСы жок;
- калкка- 1 куб.м. -4 сом 75 тыйын НДСы жок.
- башка мекемелерге- 1 куб.м. 5 сом 86 тыйын НДСы жок.
-«Канализация»-1 куб м. 8 сом 75 тыйын:
- калкка- 1 куб.м. -6 сом 34 тыйын НДСы жок.
- башка мекемелерге- 1 куб.м. 11сом 85 тыйын НДСы жок.
3. Шаардык «Cуу чарба» мекеме (Маматов Н.А.) жактан бардык күч-аракетин жумшап дебитордук карыздарды чогултуш зарыл.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Майлуу-Суу шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары (Токтоназаров К.Ю.), шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларына (Бакалаев Р.К., Асанов А.С., Суйумбаев К.У.) жүктөлсүн.
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
К.Т. Шадманов |