Редакцияот 20.12.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин ХХVI-чакырылышынын кезектеги 14-сессиясы

 

2013-жылдын 20-декабры № 7

Мэриянын 17.10.2013-жылдагы «Шаардын жана шаарчалардын аймагындагы тарыхый-монументалдык эстеликтерди Муниципалдык менчик департаментинин балансына өткөрүп берүү» тууралуу 01-12/1310-кайрылуу каты жөнүндө

Мэриянын 17.10.2013-жылдагы «Шаардын жана шаарчалардын аймагындагы тарыхый-монументалдык эстеликтерди Муниципалдык менчик департаментинин балансына өткөрүп берүү» тууралуу шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Конкобаевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги 14-cессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Шаардын жана шаарчалардын аймагындагы тарыхый-монументалдык эстеликтерди Муниципалдык менчик департаментинин балансына өткөрүп берүү» тууралуу шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Конкобаевдин маалыматы эске алынсын.

2. Таш-Көмүр шаарындагы эсепте жок “Ш.Сыдыков” көчөсүндөгү В.И.Лениндин, шаардагы сейил бактын ичиндеги белгисиз аскердин, Шамалды-Сай шаарчасындагы В.И.Лениндин жана Кызыл-Жар шаарчасындагы В.И.Лениндин тарыхый-монументалдык эстеликтери Муниципалдык менчик департаментинин балансына өткөрүлүп берилсин.

3. Тарыхый-монументалдык эстеликтерге өз учурунда түзөтүп, ремонт иштерин менен жана алардын сакталышына көзөмөл жүргүзүү жагы Муниципалдык менчик департаментине тапшырылсын.

4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.

5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кеңештин алдындагы «Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясына (Т.Конкобаев) жүктөлсүн.

 

Таш-Көмүр шаардык

кеңешинин төрагасы

 

М.С. Кулдышев