ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылыш кезектеги XII-сессия
2014-жылдын 4-февралы № 1
Жалал-Абад шаарынын кээ бир мекемелерине жетекчилерди дайындоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 3-пуктунун 4-пунктчасына ылайык, жаңы дайындалган шаардагы кызматтардын жетекчилердин баяндамаларын угуп жана депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакиров Төлөн Калдаровичди Жалал-Абад шаарынын атайын санитардык тазалоо боюнча муниципалдык мекемесинин жетекчиси кызматына дайындоого макулдук берилсин.
2. Примкулов Чынгыз Абдыманаповичди Жалал-Абад шаарынын №3-олимпиадалык резервдеги адистештирилген өспүрүмдөр мектебинин директору кызматына дайындоого макулдук берилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык мэрияга (М.Арапбаев) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
М.Тагаев |