Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-июлу № 78
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн саясий партиялардын керектүү документтеринин тизмесин жана формаларын бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 60, 61-беренелерине ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюича шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына саясий партиялар тарабынан көрсөтүлүүчү керектүү документтеринин тизмеси жана формалары №1,2,3,4,5,6,7,8,9, 10-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтыпа жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П.Баженопго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов
|