Редакцияот 04.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI-чакырылыш кезектеги XII-сессия

2014-жылдын 4-февралы №10

 

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдында Жаштар комитетин түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө мыйзамынын 18-беренесинин 1-пуктунун 19- жана 20-пунктчаларын негиз кылып, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында, Жалал-Абад шаарынын мэринин шаар мэриясынын алдында Жаштар комитетин түзүү жөнүндө баяндамасын эске алып, Жалал-Абад  шаардык кеңешинин кезектеги XII –сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдында Жаштар комитетин түзүү жактырылсын жана шаардык кеңештин келерки сессиясынын кароосуна Жобосун, программасын жана сметалык чыгымдарын бекитүү үчүн сунуштоо жагы шаардык мэрияга милдеттендирилсин.

2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткаруу шаардык мэрияга (М.Арапбаев) жүктөлсүн.

4. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

 

М.Тагаев