Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-декабры № 37/10-6
“Кара-Көл шаар аймагына жер жана
мүлк салыгын киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 3-беренесинин 31-пунктуна жана 17-октябрь 2008-жылдагы №231 “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин ишке киргизүү жөнүндөгү “ Мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктуна ылайык Кара-Көл шаары боюнча мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын башчысы Т.Т.Муратовдун кайрылуусун жана шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.С.Жетешикованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, VI чакырылыштагы депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 1-январынан баштап Кара-Көл шаарынын аймагында төмөнкү салыктын түрлөрү киргизилсин.
- Мүлк салыгы
- Жер салыгы
2. Токтомдун 1-пунктунда белгиленген салыктарды аткаруу Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин мыйзамынын негизинде мүлккө болгон салыгынын 13-бөлүгүнүн 323-беренесинен 333-беренелерине ылайык жана жер салыгы боюнча 14-бөлүгүнүн 334-беренесинен 344-беренелерине ылайык ишке ашырылсын.
3. Кара-Көл шаардык кеңешинин аппараты кабыл алынган токтомду облустук юстиция башкармалыгына каттоодон өткөрүүгө жөнөтсүн.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаары боюнча мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын башчысына ( Муратов Т.Т.), көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Жетешикова Г.С.) жүктөлсүн.
Шаардык кеңештин төрагасы |
Женбеков М.К. |