Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 23-январы № 01-01/71
«Кыргызтуракжайкоммунсоюз » мамлекеттик ишканасынын котельныйларын муниципалдык менчике өткөрүп алуу маселесин кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XV сессиясы, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, «экономика тармагынын жана калктын 2013-2014-жылдарга күз-кыш мезгилдерине даярдоо боюнча» түзүлгөн штабдын 2014-жылдын 16-январындагы № 1 протоколунун 4-пунктун жана Кочкор-Ата шаарынын вице- мэри Немат уулу Жайнактын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 6-беренесине ылайык
1.«Кочкор-Ата» жылуулук камсыздоо ишканасынын котельныйлары «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасынын балансында калтырылсын деген туруктуу комиссиялардын биргелешкен отурумунун чечими жактырылсын.
2.«Кочкор-Ата» жылуулук камсыздоо ишканасынын котельныйларынын чыгымдарын жергиликтүү бюджеттин эсебинен камсыз кылуу мүмкүнчүлүк болбогондуктан, «Кочкор-Ата» жылуулук камсыздоо ишканасынын жылдык карызы(17 545 200(он жети миллион беш жүз кырк беш миң эки жүз сом)элдин карызы 4460,0миң сом) шаардык бюджеттин үчтөн бир бөлүгүн түзгөндүктөн жана тетиктрдин эскилиги жетип(40 жылдан бери алмашылбаган, 16км жылуулук трассаны жылына бир километрден алмаштыруу 6млн сом, бир отказанды алмаштыруу 24.0млн(жыйырма төрт миллион сом)) өз мөөнөтүн актап бүткөндүктөн «Кочкор-Ата» жылуулук камсыздоо ишканасынын котельныйларын «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасынын балансында калтырылсын.
3.«Кочкор-Ата» жылуулук ишканасынын жылуулук чыгаруучу отказандары чыгымды аз сарптоочу жаңы типтеги от казандарга алмаштыруунун жолун иштеп чыгууну «Кочкор-Ата» жылуулук ишканасынын директору Т.Тургунбаевге милдеттендирилсин.
4.Токтомду аткарууну жетекчилике алуу Кочкор-Ата шаарынын вице-мэри Немат уулу Жайнака милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасы: |
Б.Аптыков |