Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 23-январы № 01-01/72
«Депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө»
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XV сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Мамадияров Абдумалик Мажитовичтин депутаттык мандатын өз каалоосу менен тапшыруу жөнүндөгү жазган арызын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамынын 3-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кенештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамынын 52-беренесине ылайык
1.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Мамадияров Абдумалик Мажитовичтин жазган арызы боюнча депутаттык ыйгарым укугу токтотулсун.
2.Саясий партиянын жетектөөчү органы тарабынан сунушталган, партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки катталган талапкерди бош калган депутаттык мандаттарды ыйгарууну карап чыгуу Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Кочкор-Ата шаардык Кеңештин төрагасы: |
Б.Артыков |