Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ҮНКҮР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2014-жылы 3-февралы № 1
Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2014-жылга бюджетинин ошондой эле бекитүү жөнүндө Кызыл-Үнкүр айыл Кеңешинин VI- чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы Кызыл-Үнкүр айылдык өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Н.Өсөровдун докладын угуп жана талкуулап
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2014-жылга көлөмү 4890,7 мин сом суммасында бекитилсин.(бюджет – 4875,7 мин сом,атайын каражат 15,0 мин сом).
2.Кызыл-Үнкүр өкмөтүнүн 2014-жылга түзүлгөн бюджети жана штат бирдиги бекитилсин.
3.Айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн прогнозунун өзгөрүшүнө жараша салыктын түрлөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү,жергиликтүү бюджетке тиешеси бар ар бир салыктын көлөмүнүн өзгөрүшү менен Кыргыз Респбубликасынын каржы министрлиги тарабынан берилген уводомлениялардын негизинде чектоо планын өзгөртүү киргизүү ФЭБ башчысы Н.Өсөровго милдеттендирилсин.
4. 2014-жылга Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү теңдөөчү грант ошондой эле жергиликтүү бюджет биринчи кезекте корголгон беренелерге жана коммуналдык чыгымдарга сарпталсын.
5. Айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин киреше булагы менен камсыздоо биринчи кезекте салык төлөмдөрдү белгиленген планын ар бир түрү боюнча аткаруунун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүн киреше бөлүмүнүн башчысы Арапбай уулу Азим-Шахка милдеттендирилсин.
6.Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү Мыйзмдын 17-беренесине ылайык пландын ашыкча жыйналган кирешелердин көлөмү жылдын жыйынтыгы менен гана аныкталуусу эскертилип,айдын кварталдын пландуу чыгымдарында каржылоо ФЭБ башчысы Н.Өсөровго жуктолсүн.
7.Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө 11.06.1998-жылдагы мыйзамдын 21-беренесине ылайык 40,0 мин сом өлчөмүндө айыл өкмөттүн резервдик фонду бөлуп бекитилсин.
8. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө 11.06.1998-жылдагы №78 мыйзамдын 23-беренесине ылайык Кызыл-Үнкүр айыл өкмөқтүнүн 2013-жылга жүгүртүүдөгү кассалык накталай акчанын көлөмү 30,0 Я(отуз мин) сом болуп бекитилсин.
9.2008-жылдагы Кыргыз Республикасынын бюджети жөнүндөгү мыйзамынын 7-беренесине ылайык ушул сессиянын чечими менен бекитилген сумманын чегинде өзгөртүүлөрду киргизип туруу жагы ФЭБ бышчысы Н.Өсөровго милдеттендирилсин.
10. Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүн КР Өкмөтүнүн № 403-токтомунун негизинде 4,0 айыл башчы жана 2,0 аскерге чакыруу жана паспорт стол штаттык бирдиги киргизилсин.
11. Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнө контрактык негизде ветврачтык кызматына киргизилсин.
12. Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүндө табият кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча 2014-жылга кечиктирилгис чараларды көрүү максатында айыл кол тийгис 200,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
13. Бөлүнгөн 200,0 мин сом акча каражаттын максаттуу пайдалануу жарандык коргоо комиссмиясынын чечими аркылуу иштетүү милдеттендирилсин.
14. Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн аймагында өткөрүлүүчү ар кандай даталар үчүн ар кандай чыгымдын эсебинен 85,0 (сексен беш) мин сом акча каражаты ажыратылсын.
15. Жакыр үй-бүлөлөрдү жана майыптарды материалдык колдоо көрсөтүү үчүн 40,0 мин сом акча ажыратылсын.
16. Айыл өкмөтүнө краштуу мекеме-уюмдардын кезектеги ремонту үчүн жергиликтүү бюджеттен керектүү көлөмдөгү 450,0 мин сом акча каражаты ажыратылсын.
17.Медициалык академиянын акыркы курсунун студенти Жамгырчиев Эмилбектин контрагы үчүн 10,0 мин сом которулап берилсин.
18. Ички жолдорду оңдоо үчүн 200,0 мин сом жана көпүрөлөр үчүн 50,0 мин сом акча каражаты каралсын.
19. Айылдык Кенештин депутаттарынын иш бөлмөсү үчүн офистик мебелдер жана оргтехника алуу үчүн жергиликтүү бюджетин эсебинен 40,0 мин сом жана № 4 «Наристе» балдар бакчасына компьютер алуу үчүн 25,0 мин сом ошондой эле жумшак жана кату инвентарь алуу үчүн 39,1 мин сом акча каралсын.
20. Айыл өкмөт жана мекеме-уюмдардын ички чарбалык жумуштары үчүн 177,0 мин сом акча карапжаты ажыратылсын.
21. Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн коммуналдык чыгымдар үчүн 500,0 мин сом акча каражаты ажыратылсын.
22. Айыл өкмөттүн кызматтык автоунаасы үчүн транспорттук чыгымы үчүн бюджеттен 120,0 мин сом бөлүнсүн.
23Айыл өкмөттүн кызматкерлеринин ар кандай кызматтык сапары үчүн 100,0 мин сом акча каражаты ажыратылсын.
24.Бул токтомдун аткарылышын бюджет боюнча туруктуу комиссияга жана ФЭБ башчысы Н.Өсөрөвго милдеттендирилсин.
Кызыл-Үнкүр айылдык Кеңешинин
Төрагасы: | Жамгырчиев.А. |
Катчысы: | Тагаева Ж. |