Редакцияот 03.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ

ТОКТОМ

Кызыл-Үңкүр айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XV сессиясы

 

2014-жылы 3-февралы № 5

Кызыл-Үңкүр айыл аймагындагы № 4 «Наристе» балдар бакчасына эмерек-буюмдарды алуу жана ата-энелер төлөмү жөнүндө

Кызыл-Үңкүр айыл аймагындагы № 4 «Наристе» балдар бакчасынын башчысы Д.Сыдыкованын  сөзүн  угуп жана талкуулап Кызыл-Үңкүр айылдык  кенешинин VI чакырылышынын кезектегиXV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Үңкүр айыл аймагындагы № 4 «Наристе» балдар бакчасына эмерек-буюмдарды алуу үчүн 60 миң сом  акча каражаты ажыратылып берилсин.

2.№ 4 «Наристе» балдар бакчасынын ата-энелер төлөмү 150 сом акчага чектелсин.

3.№ 4 «Наристе» балдар бакчасында көп балалуу,турмуш шарты оор,мүмкүнчүлүгү чектелген  ата-энелер үчүн төлөм төлөөдө жеңилдиктер берилсин.

4.Акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Осоровко милдеттендирилсин.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Кызыл-Үңкүр айылдык

кенешинин төрагасы:  

 

Жамгырчиев А.А