Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 5-марты №2
«2013-жыл ичинде шаардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүү планынын, шаардык бюджеттин аткарылышы жана калкты социалдык жактан коргоо маселелери тууралуу шаардын мэри Б.Миңбаевдин отчету жөнүндө».
2013-жыл ичинде шаардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүү планынын, шаардык бюджеттин аткарылышы жана калкты социалдык жактан коргоо маселелери тууралуу шаардын мэри Б.Миңбаевдин отчетун угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 15 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2013-жыл ичинде шаардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүү планынын, шаардык бюджеттин аткарылышы жана калкты социалдык жактан коргоо маселелери тууралуу шаардын мэри Б.Миңбаевдин отчету
канаттандыраарлык деп белгиленсин.
2.Таш-Көмүр шаарынын 2013-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн планы 108979,2 мин сомго такталып, аткарылышы 106394,5 мин сомду же 98,6%ды түзгөндүгү белгиленип, №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Таш-Көмүр шаарынын 2013-жылдагы жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн планы 108979,2 мин сомго такталып, аткарылышы 106338,4 мин сомду же 97,6 %ды түзгөндүгү белгиленип, №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4.Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
5.Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы «Экономика жана бюджет» маселеси боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Кулуев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы: |
Кулдышев М.С. |