Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 5-марты №5
«Шамалды-Сай шаарчасынын аймактык башкармалыгынын жазгы талаа жумуштарына карата даярдыктары жана насостук станциялардын абалы тууралуу Шамалды-Сай шаарчасынын аймактык башкармалыгынын башчысы Д.Садырбековдун маалыматы жөнүндө».
Шамалды-Сай шаарчасынын аймактык башкармалыгынын жазгы талаа жумуштарына карата даярдыктары жана насостук станциялардын абалы тууралуу Шамалды-Сай шаарчасынын аймактык башкармалыгынын башчысы Д.Садырбековдун маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 15-cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Шамалды-Сай шаарчасынын аймактык башкармалыгынын жазгы талаа жумуштарына карата даярдыктары жана насостук станциялардын абалы тууралуу Шамалды-Сай шаарчасынын аймактык башкармалыгынын башчысы Д.Садырбековдун маалыматы эске алынсын.
2.Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
3.Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы: |
Кулдышев М.С. |