Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 5-марты №8
«Суу чарба» мекемесинин 25.02.2014-жылдагы «2014-жыл үчүн суунун тарифин карап берүү” тууралуу № 17 кайрылуу каты жөнүндө».
«Суу чарба» мекемесинин 25.02.2014-жылдагы «2014-жыл үчүн суунун тарифин карап берүү” тууралуу № 17 кайрылуу каты боюнча шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын катчысы Т.Асранованын маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 15-cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.«Суу чарба» мекемесинин 25.02.2014-жылдагы «2014-жыл үчүн суунун тарифин карап берүү” тууралуу № 17 кайрылуу каты боюнча шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын катчысы Т.Асранованын маалыматы эске алынсын.
2.Таш-Көмүр шаары боюнча 2014-жыл үчүн суунун тарифи калкка 1 м3 х 6 сом 60 тыйын, бюджеттик жана өнөр жай мекемелерге 1 м3 х 10 сом 00 тыйын, коммерциялык ишканаларга 1 м3 х 30 сом 00 тыйын өлчөмүндө бекитилишине макулдук берилсин.
3.Токтомду аткаруу жана шаардын тургундарына массалык маалымат каражаттары аркылуу маалымдоо, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы “Суу чарба” мекемесине (Э.Кулуевге) милдеттендирилсин.
4.Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
5.Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Кулуев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы: |
Кулдышев М.С. |