Редакцияот 28.02.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ

ТОКТОМ

 

Сакалды айылдык кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы

2013-жылы 28-февралы №1

«Сакалды айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2012-жылга карата аткарылышы жөнүндө»

Күн тартибинде маселени угуп жана талкуулап чыгып, Сакалды айылдык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Сакалды айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Юсупованын Сакалды айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2012-жылга карата аткарылышы боюнча маалыматы эске алынсын.

2.Сакалды айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2012-жылга карата аткарылышы эскертүүлөр менен канааттандыралык деп тыбылсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Юсуповага жүктөлсүн.

 

Сакалды айылдык Кеңешинин төрагасы:

У.Айдаров