Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2013-жылы 25-марты № 2
«Сакалды айыл өкмөтүнө караштуу Кормоцех участкасындагы пахта даярдоо пунктунун ээлеп турган ордун жарандарга там үчүн сатуу жөнүндө»
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Сакалды айылдык кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сакалды айыл өкмөтүнүн Кормоцех айылындагы мурдагы пахта даярдоо пунктунун ээлеп турган 4,95 га жер аянты аталган кыймылсыз мүлктүн ээси Масиралиев Аширбектин айылдык кеңештин кароосуна жазган 25.03.2013-жылдагы кириш №8 сандуу арызына негиз жарандарга там салуу үчүн сатууга уруксат берилсин.
2.Аталган жер тилкенин тиешелүү документтерин даярдап берүү Ноокен райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн жер жана айыл чарба боюнча башкы адиси К.Абдилат уулуна милдеттендирилсин.
Сакалды айылдык Кеңешинин төрагасы: | У.Айдаров |