Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2013-жылы 25-марты № 3
«Сакалды айыл өкмөтүнө караштуу Кыргызстан айылына бала бакчанын эки тайпасын ачуу жөнүндө»
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып,Сакалды айылдык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сакалды айыл өкмөтүндөгү Кыргызстан айылына бала бакча ачуу зарылдыгын Кыргызстан,Чек,Чарвак айылдарындагы жашоочулардын көптөгөн жыйындарындагы суроо талаптарын эске алып,Кыргызстан айылындагы №11 орто мектептин башталгыч класстары билим алып жаткан имараттын базасында эки тайпа бала бакча убактылуу имарат маселеси чечилгенге чейин ачууга уруксат берилсин.
2.Аталган бала бакча үчүн талап кылынган каражаттарды айыл өкмөтү камсыздасын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Э.Умаровго милдеттендирилсин.
Сакалды айылдык Кеңешинин төрагасы: | У.Айдаров |