Редакцияот 09.12.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ

ТОКТОМ

 

Сакалды айылдык кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы

2013-жылы 9-декабры №1

«Сакалды айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлердин максатуу пайдаланылышы жөнүндө»

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Сакалды айылдык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги VIIсессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Сакалды айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерди максатуу пайдаланышы боюнча тиешелүү денгээлде иш алынып барылбагандыгы үчүн айыл өкмөттүн башчысынын орун басары Ш.Масировго, жер жана айыл чарбасы боюнча башкы адиси К.Абдилат уулуна өз милдеттерин жетишерлик аткарбагандыгына байланыштуу «сөгүш» берилсин.

2.Сакалды айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерди 2014-жылы максаттуу пайдаланышы боюнча тиешелүү денгээлде алдын ала иш чараларды иштеп чыгууну камсыздоо Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы М.Султановго жүктөлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сакалды айылдык кеңешинин жер жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Сакалды айылдык Кеңешинин төрагасы:

У.Айдаров