Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
Сакалды айылдык кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2013-жылы 9-декабры №3
«Сакалды айыл өкмөтүнүн балансындагы экскаваторду жооптуу кызматкерге бекитүү, аксакалдар сотунун төрагасына премия акы кароо, аты жок көчөгө ат коюу жөнүндө»
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Сакалды айылдык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сакалды айыл өкмөтүнүн балансындагы жаңы МТ3-82 маркасындагы экскаватор бульдозердин айыл өкмөт ичинде аткарган иштерин контролдоро, иштөө режимин, иштөө келишимдерин жөнгө салуу айыл өкмөттүн башчысынын орун басары Ш.Масировго милдеттендирилсин.
2.Сакалды айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун төрагасы С.Мураталиев коомдук башталышта иш алып баргандыгына байланыштуу анын тиешелүү зарылчылыктарын камсыздоо максатында 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө бир жолку компенсация премия катары ажыратылсын.
3.Кормоцех кичи айылындагы аты жок көчөгө айыл тургуну,ардагер аксакал, маркум Абдыкерим Арапбаевдин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү аталган көчөнүн жашоочуларынын жалпы жыйынынын 21.11.2013-жылдагы №1 протоколу бекитилсин. Аты жок көчөгө маркум А.Арапбаевдин ысымы ыйгарылсын. Аталган көчөнүн социалдык маселерин чечүүгө түздөн түз катышуу А.Арапбаевдин үй бүлө мүчөлөрүнө жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Э.Умаровго милдеттендирилсин.
Сакалды айылдык Кеңешинин төрагасы: | У.Айдаров |