САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
Сакалды айылдык кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2013-жылы 9-декабры №4
«Сакалды айылдык кеңешинин төрагасына 2013-жыл ичинде өткөргөн сессияларына компенсация төлөмдөрүн толоп берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 37 беренесинин 6 п ылайык жана Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттигинин 2013-жылдын 4-ноябрындагы №01-32/137 сандуу катынын негизинде Сакалды айылдык кеңешинин төрагасына 2013-жыл ичинде өткөргөн айылдык кеңештин сессияларына компенсация төлөмдөрүн эсептеп, толоп берүү жөнүндө бюджет жана финансы маселелери боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрайымы М.Абдувалиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Сакалды айылдык кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сакалды айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы М.Абдувалиеванын билдирүүсү эске алынсын.
2.Айылдык кеңештин ар бир сессиясын даярдоого иш пландын негизинде комиссия түзүү, жыйынтыгын чыгаруу, маалыматты, токтомдордун долбоорун даярдоо, сессия өткөрүү күнү жана сессиядан кийин протоколдорду, токтомдорду кайрадан кароо толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн кеминде беш күндөн кем эмес убакыт кетээрин белгилеп сессия өткөрүүгө компенсация өлчөмүн беш күндөн кем эмес күнгө эсептөөлөр жүргүзүү жагы белгиленсин.
3.Айыл өкмөттүн башкы бухгалтери Н.Юсупова Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2013-жылдын 4-ноябрындагы №01-31/137 көрсөтмөсүнө ылайык айылдык кеңештин төрагасына төлөнүүчү компенсация өлчөмүн чыгарылган расчетторунун негизинде төлөп берүү жагы милдеттендирилсин. (расчет тиркелет)
4.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Сакалды айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнө, башчысы Н.Юсуповага милдеттендирилсин.
Сакалды айылдык кеңешинин төрагасы: | У.Айдаров |