Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылы 25-февралы №2
«Кайра бөлүштүрүү фондтун эсебиндеги
жана мелиоративдик жерлерди ижарага
беру жөнүндө »
Эл депутаттарынын Достук айылдык Округдук Кеңешинин сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.КБФнын жерлеринин ижара акылары контуруна жараша ар бир гектарына 1500 (бир мин бешжүз) сомдон 5000 (беш мин) сомго чейин бекитилсин.
2.Мекеме иш каналарага , жашоо шарты оор үй бүлөлөргө берилген жерлердин ижара акысы 50 % менен бекитилсин.
3.Мекеме иш каналардын, жашоо шарты оор үй бүлөлөрдүн 2012-жылда берилген ижара жерлери ошол өлчөмдө калсын.
4.2009-жылдагы жергиликтүү кеңештини жарага берилген жерлердин аянты 3 (үч) га дан ашпасын деген токтому өз күчүндө калтырылсын. Гос актысынын мөөнөтү бүткөндөн кийин 3 га дан ашыгына мөөнөтү узартылбасын.
5.Кең-Сай участкасындагы 30 га жерден ижара акысы 5000(беш мин) сом, суу акысы 1000(бир мин) сомдон бекитилсин.
6.Кең-Сай участкасындагы 2 га бактын ижара акысы ар бир гектарына 30000(отуз мин) сомдон болуп жалпысы 60000 (алтымыш мин) сом болуп бекитилсин.
7.Ижара акыдан жана суудан карызы бар жарандарга ижарага жер берилбесин, мурда ижарага жер берилген болсо кайтарып алынсын. Карыздарды тогүү мөөнөтү 5 апрелге чейин белгиленсин. Карыз ээлерине айылдык Округдун башчысынын биринчи орун басары А.Батыров аркылуу жеткирилсин .
8.Ижара алуучулар менен келишим түзүү жана ижараакысынын 50% алдынала төктүрүү жагы айылдык Округдун башчысынын биринчи орун басары А.Батыровко милдеттендирилсин.
9.Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы айылдык Округдун башчысы Ж.Ч.Мамановко милдеттендирилсин.
Эл депутаттарынын Достук айылдык Округдук Кеңешинин төрагасы: |
Узбеков А. |