Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-марты №01-01/75
«Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин
төрагасынын 2013-жылга аткарган
иштеринин отчётун угуу жөнүндө».
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасы Артыков Базаркулдун отчётун угуп жана талкуулап, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин Регламентинин 3-главасынын 3.3-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасы Артыков Базаркулдун 2013-жылга аткарган иштеринин бир жылдык отчёту «каааттандырарлык» деп табылсын.
2.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин токтомдорун талаптагыдай аткарбаган, Кочкор-Ата шаардык аткаруу бийлигинин токтомду аткарууга жооптуу кызматкерлерине, Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын 18-беренесине ылайык, бир айлык мөөнөт ичинде чара көрүү, Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун 2-пунктунун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын жалпы түрүнөн көзөмөлдөөнү Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары К.Д.Арстанбаевага милдеттендирилсин.
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары: |
А.М.Нусупбеков |