Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-марты №01-01/76
«Туруктуу комиссиялардын
төрагаларынын бир жылдык
отчётун угуу жөнүндө»
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин алты туруктуу комиссиясынын төрагаларынын отчётторун угуп жана талкуулап, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин Регламентинин 5-главасынын 5.3 пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларынын 2013-жылга аткарган иштеринин бир жылдык отчёттору жалпы түрүнөн «канааттандырарлык» деп табылсын.
2.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Жерге укук берүү жана шаар куруу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Абдибайитовго шаардык Кеңештин депутаттары тарабынан айтылган сын-пикирлер жана кемчилдиктер эске алынсын.
3.Шаардык Кеңеш тарабынан туруктуу комиссиялардын аткарган иштеринде белгиленген кемчилдиктерди жоюу боюнча кечиктирилгис чаралар көрүү туруктуу комиссияларынын төрагаларына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Нусупбековго милдеттендирилсин.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Б.Артыков
|