Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-июлу № 86
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө боюнча Жумушчу топ жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу |
Саясий партиялар жана шайлоонун башка катышуучулары үчүн үгүт жүргүзүүдө тең жана адилеттүү шарттарды, алардын Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын сактоосун, шайлоочулардын өздөрүнүн эрктерин аң-сезимдүү билдирүүлөрүн жана шайлоонун ачык-айкындыгын камсыз кылуу максаттарында, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 5-главасын, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1,2-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы |
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө боюнча Жумушчу топ жөнүндө» Жобо бекитилсин (№ 1 тиркеме).
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын:
- «Маалыматтык талаш-тартыш жана шайлоону камсыз кылуунун башка маалыматтык маселелери боюнча Жумушчу топ жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2007-жылдын 14-ноябрындагы № 116, 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 49;
- «Маалыматтык талаш-тартыш жана шайлоону камсыз кылуунун башка маалыматтык маселелери боюнча Жумушчу топ жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу 2007-жылдын 14-ноябрындагы № 116.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодошайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө боюнча Жумушчу топтун курамы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасынын Буйругу менен бекитилет.
4. Ушул токтом «Эркин Тоо» гезитине жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Н. А. Ашимовго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов |