Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-марты № 23/5-6
Европалык кайрадан калыбына келтирүү жана өнүгүү банкынын” Талас шаарын таза суу менен камсыз кылуу жана агынды суулар системасын калыбына келтирүү долбоору жөнүндө”
Талас шааардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 2011-жылдын май айындагы кайрылуусунун негизинде, “Европалык кайрадан калыбына келтирүү жана өнүгүү банкы” Талас шаарынын калкын жана өнөр-жай секторун таза суу менен камсыз кылуу жана агынды суулар системасын калыбына келтирүүгө жалпы 6,5 млн евро каралып, анын ичинен насыя түрүндө 2 млн. евро, эл аралык донорлордон грант түрүндө 3 млн. евро жана техникалык кызматташуу боюнча донорлордун катышуусу аркылуу 1,5 млн. евро бөлүп берүүдө. Ал эми кредит катары берилип жаткан 2,0 млн евро акча каражатынын кайтаруу шарты 15 жыл ичинде төлө жагы каралса анын биринчи 3 жылына жеңилдик каралган. Бүгүнкү күндө аталган долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып, 2013-жылдын жаз айларынан баштап Талас шаарындагы таза суу менен камсыз кылуу жана агынды суулар системасын калыбына келтирүү иштери баштала турган долбоорун карап чыгып, депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Европалык кайрадан калыбына келтирүү жана өнүгүү банкынын” колдоосу менен Талас шаарын таза суу менен камсыз кылуу жана агынды суулар системасын калыбына келтирүү долбоору жактырылсын.
2. Долбоордун негизинде 2 млн. евро насыялык төлөмдөрдү 15 жылдык мөөнөттө төлөп берүү жагы Талас шаардык “Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын башчысына (М.Сопалиев) тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Талас шаардык кеңешинин бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р.Мамбетов) жүктөлсүн.
Талас шаардык кеӊешинин төрагасы |
А. Джузупбеков |