Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-марты № 24/5-6
(Талас шаардык мэриясынын 12-март 2013-жылдагы № 01-3/181 сандуу катын кароо)
Талас шаардык мэриясынын 12-март 2013-жылдагы № 01-3/181 сандуу катын карап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2009-жылдын 27-февралындагы №46/7-5 сандуу токтомуна ылайык Талас шаарынын борбордук аллеясына кыргыз элинин залкар жазуучусу Ч. Айтматовдун айкелин орнотуу боюнча тыянак чыгаруу үчүн төмөндөгүдөй жумушчу комиссиясы түзүлсүн.
-А. Кушубеков- Комиссиянын төрагасы.
-А. Солтобаев- Талас облусунун башкы архитектору.
-К. Иманкулов–Талас турмушу гезитинин башкы редактору.
-Ж. Шайдиев-Талас шаарынын башкы архитектору.
-Б. Абдыкадыров-Талас шаардык маданият жана маалымат бөлүмүнүн башчысы.
-М. Мураталиев–Талас шаардык кеңешинин депутаты.
-Ж. Иманалиев – Талас шаардык кеңешинин депутаты.
-Б. Тууганбаев-Талас шаардык кеңешинин депутаты.
-Ж. Рай-коомчулуктун өкүлү.
-С. Шейшенов-“Манас Байрагы” юридикалык жактардын бирикмесинин президенти
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А. Сариева) тапшырылсын.
Талас шаардык кеӊешинин төрагасы |
А. Джузупбеков |