Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 16-марты № 31/6-6
Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу–мэриясынын 2012-жылдын 6-декабрындагы №289 сандуу токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш ишкердикти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйынынын №2 протоколуна ылайык, Депутаттардын Талас шааардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык мэриясынын 2012-жыл 6-декабрдагы №289 сандуу токтомунун 3 пунктунун “е” пунктчасында көрсөтүлгөн “шаарлар аралык каттамдар үчүн Оторбаев көчөсүнүн түндүк тарабы (К.Нуржанов аллеясы көчөсүнөн Оторбаев №235 көп кабаттуу үйүнө чейин) аралыкта” №6 бала бакча жана №1 орто мектеби жайгашкандыктан акы төлөөчү автоунаалар менен маршруттук таксилер токтоочу жайга ылайыксыздыгы жана адам өмүрүнө коркунуч келтирээри белгиленсин жана башка жакка которуу боюнча Талас шаардык мэриясынан аталган токтомго өзгөртүү киргизүү жагы суралсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкердикти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери” боюнча туруктуу комиссиясына (Н.Осмонов) жүктөлсүн.
Талас шаардык кеӊешинин төрагасы |
А. Джузупбеков |