Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26-июлу № 42/6-7
Долбоордун ишине баа берүү боюнча комиссия курамын түзүү жөнүндө
Талас шаардык мэриясынын 2013-жылдагы 18-июлундагы № 01-2/622 сандуу катын карап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агенствосунун шаарлардын инфраструктураларын өнүктүрүү боюнча долбоорунун алкагындагы 3 долбоор боюнча аткарылган иштердин сапаттуулугуна көзөмөл жүргүзүү максатында мониторинг жана баа берүүчү комиссиялык тобу төмөндөгү курамда түзүлүп бекитилсин.
1.-М. Мураталиев- Талас шаардык кеңешинин депутаты;
2.-О. Маймурунов-№1 АКӨАБнун төрагасы;.
3.-Т Мойноков- Жашоочу;.
4.-Р. Токтосунова-НПОнун төрайымы;
5.-М. Ниязалиева- квартальный;
6.-А. Жоробеков- “Ак-Ниет” муниципалдык ишканасынын жетекчисинин милдетин аткаруучу;
7.-К. Молдогазиев- Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын башкы инжинери.
2. Кабыл алынган токтом “Жаңы Багыт” газетасына жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А. Сариева) тапшырылсын.
Талас айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Джузупбеков |