Загрузка документа…
КӨК-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12-июну № 1
Субанов көчөсүндөгү № 205 имараттын Көк-Ой айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү жөнүндө
К.Р.Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы №501 Токтомун, Талас райондук мамлекттик администрациясынын 1997-жылдын 21-октябрындагы №231 токтомунун негизинде Кок-Ой айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Субанов көчөсүндөгү № 205 имарат муниципалдык менчикке, Көк-Ой айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлсүн.
2. Субанов көчөсүндөгү № 205 имарат муниципалдык менчикке өткөрүү боюнча юридикалык документтерин бүтүрүү жагы Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Көк-Ой айылдык кеӊешинин төрагасы |
Е. Абдрахманов |