Загрузка документа…
КӨК-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 15-августу № 7
Айыл жана суу чарба министрлигинин алдында “Айыл чарбасына кызмат көрсөтүү жана инвестициялоо долбоору аркылуу берилип жаткан ветеринардык жабдуулар, аспап, кийим жана дары-дармек бөлүштүрүү жөнүндө
Айыл жана суу чарба министрлигинин алдында “Айыл чарбасына кызмат көрсөтүү жана инвестициялоо долбоору аркылуу жергиликтүү менчик ветеринардык тейлөө кызматтарын өнүктүрүү жана колдоо максатында грант түрүндө берилип жаткан ветеринардык жабдуулар,аспаптар,атайын кийимдер жана дары-дармектерди бөлүштүрүү жөнүндөгү Айыл чарба министрлигинин 2012-жылдын 23-июлундагы №205 буйругунун негизинде Көк-Ой айыл Кеңешинин 6-чакырлышынын кезексиз сессиясында карап чыгып, депутаттардын Көк-Ой айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Грант түрүндө берилип жаткан ветеринардык жабдуулар, аспаптар, атайын кийимдер жана дары-дармектер төмөндөгү аталган веттейлоо кызматтарына, ветадиске ыйгарылсын.
“Кадам” веттейлоо кызматынын адиси Торобеков К.
“Эламан” веттейлоо кызматынын адиси Алыбаева Н.
Ветадис Калмат уулу Талгат.
2. Берилген ветеринардык жабдуулар, аспаптар, атайын кийилуучу кийимдер жана дары-дармектерди айыл тургундарын веттейлоодо максатуу пайдалануу үчүн бекитилген ветадис, веттейлоо кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы А.Кадыркулдовго, айыл кеңешинин төрагасы Е.Абдрахмановвго, Жайыт комитетинин төрагасы: Б.Кообашевге жүктөлсүн.
Көк-Ой айылдык кеӊешинин төрагасы |
Е. Абдрахманов |
Көк-Ой айылдык өкмөтүнүн башчысы |
А. Кадыркулов |
Жайыт комитеттинин башчысы | Б. Кообашев |