Загрузка документа…
КӨК-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-августу № 8
(Отчеттору кароо, көчөлөрдүн аттарын өзгөртүү көпүрөнү атоо)
Көк-Ой айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Ой айыл өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-айынын социалдык-экономикалык өнүгүү планын аткарылышы каанатандырлык деп табылсын.
2. Жайыт комитетине сессиянын 6-чакырылышынын 3-сессиясынын 10 апрелдеги № 3 Токтомундагы 2011-жылдын жыйынтыгы боюнча чыгашадан кирешеге ашык түшкөн бөлүгүнөн акча каражатты которулуп берилсин. Акча каражатты которуу жагы Көк-Ой айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык болумдун башчысы-башкы бухгалтер Жолдошова Ырыска дайындалсын.
3. Көк-Ой айыл тургуну Байдавлетов Бузурманкул арызы боюнча Аксакалдар сотуна кайрылсын.
4. Таш-Тобо техсервиздин төрайымы Канаева Мээркандын келишимдин мөөнөтү 2016-жылга чейин узартылсын.
Көк-Ой айылдык кеӊешинин төрагасы |
Е. Абдрахманов |