Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-ноябры № 45/8-6
Жер жана мүлк салыгын киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 31-ст 3-бөлүмүнүнүн, Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонуга киргизүү жөнүндөгү 2008-жылдын 17-октябрындагы мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын 31-беренесинин 4-бөлүмү, 2013жылдын 22-октябрындагы Талас шаарынын салык башкармалыгынын №05-07/21.28 сандуу катына ылайык, Депутаттардын Талас шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 1-январынан тартып Талас шаарында төмөндөгүдөй салыктар киргизилсин.
-мүлк салыгы.
-жер салыгы.
2. Токтомдун I- бөлүмүнүн ишке ашыруусу Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык жүргүзүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине Мамлекеттик укук ченемдик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Токтом Жаңы-Багыт газетасына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдө жагы, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р. Мамбетов) жүктөлсүн.
Талас шаардык кеӊешинин төрагасы |
А. Джузупбеков |
|
|