Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-ноябры № 46/8-6
“Теплокомунэнерго” башкармалыгынын, Талас шаардык электр Тармактар ишканасынын жана “Талас шаарынын билим берүү тармагынын, Талас шаарындагы көп кабаттуу үйлөр боюнча 2013-2014 жылдарга күз-кыш мезгилдерине карата даярдыктары жөнүндө”
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Өнөр жай, комуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкердикти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген протоколунун негизинде, “Теплокоммунэнерго” башкармалыгынын, Талас шаардык электр тармактар ишканасынын жана Талас шаардык көп кабаттуу үйлөр боюнча 2013-2014- жылдарга карата күз-кыш мезгилдерине даярдыктары менен таанышып чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык “Теплокоммунэнерго” башкармалыгынын, Талас шаардык электр тармактар ишканасынын, Талас шаардык билим берүү тармагынын жана Талас шаарындагы көп кабаттуу үйлөр боюнча 2013-2014-жылдардын күз-кыш мезгилдерине карата даярдыктары боюнча маалыматында көрсөтүлгөн кемчиликтер эске алынсын
2. Белгиленген кемчиликтерди жою жагы Талас шаарынын биринчи вице мэрине (А. Койчубеков) милдетендирилсин.
3. Токтом “Жаңы Багыт” газетасына жарыялансын.
4. Кабыл алынган токтомду көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Өнөр жай, комуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкердикти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н. Осмонов) жүктөлсүн.
Талас шаардык кеӊешинин төрагасы |
А. Джузупбеков |
|
|