Редакцияот 05.11.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 5-ноябры № 47/8-6

Талас шаардык жылуулук берүү ишканасын “Кыргызжилкоммунсоюз“ мамлекеттик ишканасынын тутумунда калтыруу жөнүндө”

Талас шаардык мэриясынын 2013-жылдын 29-октябрындагы №01-4/972 сандуу сунушунун негизинде жергиликтүү бюджетин тартыштыгын эске алып,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агентигинин 2013-жылдын 10- октябрындагы “КН 23/632-б сандуу катынын жана Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 6 беренесине  ылайык, депутаттардын Талас шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агентигинин 2013-жылдын 10- октябрындагы “КН 23/632-б сандуу каты  кароосуз калтырылсын

2. Талас шаардык жылуулук берүү ишканасын Талас шаарынын муниципалдык менчигине  кабыл алууга макулдук берилбесин.

3. Кабыл алынган токтом “Жаңы Багыт” гезитине жарыялансын.

4. Кабыл алынган токтом Талас областтык адилет башкармалыгына Кыргыз Республикасынын укуктук – ченемдик актылардын мамлекеттик реестрине киргизүүгө жөнөтүлсүн.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкердикти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н. Осмонов) жүктөлсүн.

 

Талас шаардык

кеӊешинин төрагасы

 

А. Джузупбеков