Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-ноябры № 48/8-6
Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын алдындагы “Курулуш куруу жана жер пайдалануу” комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 2013-жылдын 16 октябрындагы №01-3\919 сандуу катынын негизинде жана Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2005-жылдын 18 апрелиндеги №36\6-24 сандуу “Талас шаарынын курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежеси жөнүндөгү” Токтомуна ылайык Депутаттардын Талас шаардык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу- мэриясынын алдындагы “Курулуш куруу жана жер пайдалануу” комиссиясынын курамы № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтом “Жаңы Багыт”газетасына жарылялансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкердикти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы (Н. Осмоновго) жүктөлсүн.
Талас шаардык кеӊешинин төрагасы |
А. Джузупбеков |
|
|