Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН
2016 жылдын 9 ноябрындагы № 197 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
деп табылсын
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-июлу № 87 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө эл аралык байкоочулардын ишинин тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө эл аралык байкоочулардын ишинин тартибин жөнгө салуу максатында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 21-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө эл аралык байкоочулардын ишинин тартиби жөнүндө” Жобо бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын: - 2010-жылдын 12-августундагы № 151 “Кыргыз Республикасындагы шайлоодо эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочулардын ишмердүүлүгүнүн тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу; 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 51 “Кыргыз Республикасындагы шайлоодо эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочулардын ишмердүүлүгүнүн тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу; 2004-жылдын 13-августундагы № 42 “Кыргыз Республикасындагы шайлоодо чет өлкөлүк (эл аралык) байкоочулардын статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө” Жобо. 3. Ушул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү А.Дж. Баялиновго жүктөлсүн. |
Төрага | Т. Абдраимов |