Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-ноябры № 50/8-6
Талас шаарындагы “Баатырлар паркы” жана “Байкөл” көлүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө
Талас шаарынын тургундарынын арыздарынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Баатырлар паркы” жана “Байкөл” көлүнүн ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча түзүлгөн убактылуу комиссиянын протоколдук чечимине ылайык Депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Байкөл” көлүнүн максатсыз пайдаланып жаткандыгына байланыштуу мурунку кабыл алынган ижара-келишимдери жана токтомдору жокко чыгаруу жагы сунушталсын.
2. “Баатырлар паркын” ижарага берүүдө мыйзамсыз фактылар катталгандыктан ижара келишими жана тиешелүү токтомун жокко чыгаруу жагы сунушталсын.
3. “Баатырлар паркын” жана “Байкөл” көлүн ижарага берүүдө төлөнбөй калган акча каражатын өндүрүү максатында Талас шаардык укук коргоо органдарына кайрылуу жагы жактырылсын.
4. “Баатырлар паркы” жана “Байкөл” көлү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына белгиленген талаптарга ылайык конкурстун негизинде ижарага берилсин.
5. Токтомдун аткарылышы Талас шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу-мэриясынын мэрине (А. К. Кушубеков) жана Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысына (Т. С. Киргабаков) жүктөлсүн.
6. Токтом “Жаңы Багыт” газетасына жарыялансын.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Баатырлар паркы” жана “Байкөл” көлүнүн ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча убактылуу комиссиянын төрагасына ( Ж. Жуманов) жүктөлсүн.
Талас шаардык кеӊешинин төрагасы |
А. Джузупбеков |
|
|