Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-ноябры № 53/8-6
Талас шаарынын аймагындагы тарыхый жана маданий эстеликтерди муниципалдык менчик балансына кабыл алуу жөнүндө
Талас шаарынын аймагында жайгашкан тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо, аларды жакшы абалда сактоо максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндөгү Мыйзамынын” 18-беренесинин 13 бөлүгү, Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык менчиги жөнүндөгү Мыйзамынын” 6 беренесинин негизинде Депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын аймагында жайгашкан тарыхый жана маданий инсандардын айкелдери,манументтери №1-тиркемеге ылайык Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгын балансына кабыл алынсын.
2 .Токтом “Жаңы Багыт” газетасына жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талас шаардык мэриясынын биринчи вице мэрине (А. Койчубеков) жүктөлсүн.
Талас шаардык кеӊешинин төрагасы |
А. Джузупбеков |
|
|