Редакцияот 10.10.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 10-октябры № 14

Май айылынын борбордук көчөсүн оңдоо иштери жүргөндүгүнө байланыштуу

Май айылдык аймактык Кеңеши :

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Борбордук көчөсүнө асфальт төшөлгөндүгүнө байланыштуу каз таман, тракторлор менен лоток, терек, чойун темир сүйрөп өткөндүгү үчүн эң ылдыйкы айып 10000(он миң) сом салынат.

2. Эгерде жолдун бузулушу көп акча каражат талап кылса, комиссиянын чечиминин негизинде каралат.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Май айылдык аймагынын Май айыл өкмөт башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.

 

Май айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

И. Өзубеков