Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-июлу № 26/5-14
Кайыңды айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын
бюджетинин разделдерине өзгөртүү киргизүү
жөнүндө
Кайыңды айылдык аймактык кеңешинин бюджеттик комиссиясынын корутундусунун негизинде 2013-жылдын бюджетинин разделдерине өзгөртүү киргизүү боюнча маселе каралып, Кайыңды айылдык аймактык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды айыл өкмөтүнүн 2013–жылга крата бекитилген бюджетинин айыл чарба бөлүмүнүн 706 разделдин 22156900 статьясынан 296,2 миң сомду, төмөнкү 709 разделге, 22152100 статьяга 196,2 миң сомду, жана 701 разделге 22156900 статьяга 100,0 миң сомду жылдырып, өзгөртүү жүргүзүүгө Манас райондук каржы жана казына бөлүмдөрүнөн суралсын.
2. Кайыңды айылдык аймагына караштуу мекеме - уюмдардын жыл ичинде каржылоо чыгымдарын зарыл болгон учурда, бир разделден экинчи разделге жана бир статьядан экинчи статьяга, өзгөртүү жүргүзүүгө, уруксат берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн Ф.Э.бөлүмүнүн башчысы А.Субанбековга милдеттендирилсин
Каыңды айылдык кеӊешинин төрагасы |
З. Абдрахманов |