Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-июлу № 26/5 -17-1
Кайыңды айылдык аймагына караштуу Чечдөбө айылынын тургуну Сейдибалиев К.Р. кайрылуусу жөнүндө
Сейдибалиев Каныбек Рустемович, Кайыңды айылдык аймактык кеңешинин 26 –чакырылышынын кезектеги 5-отурумуна жана Манас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Ш. Качкынбаевге, 2012-жылы Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Мызаев Маделкан Ашимовичитин аткарган ишинде кетирген кемчиликтери боюнча бир топ фактыларды келтирип, депутаттардын кароосуна кайрылуу жазаган.( кайрылуу тиркелет) Сейдибалиевдин кайрылуусунда келтирилген фактылар боюнча: Талас райондор аралык Сотунун, Манас райондук Сотунун жана Талас облусунун Соттук коллегиясында М.Мызаевдин иши каралып, Манас райондук мамлекеттик администрациясынын 2012-жылдын 19 –сентябрындагы №145 буйругу жокко чыгарылган жана Мызаев М.А. пайдасына чечилгендиги боюнча сессиянын жүрүшүндө, депутаттар тиешелүү документтер менен тааныштырылды.
Күн тартибиндеги маселе добушка коюулуп, Кайыңды айылдык аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды айылдык аймагына караштуу Чечдөбө айылынын тургуну Сейдибалиев Каныбек Рустемовичтин кайрылуусу колдоого алынбасын.
2. Кайыңды айылдык аймагынын « Кайыңды айыл өкмөтүнүн» башчысы Мызаев Маделкан Ашимовичке ишеним көрсөтпөө боюнча негиз жок деп табылсын.
3. Ушул токтомдун көчүрмөсү Сейдибалиев Каныбек Рустемовичке берилсин.
Каыңды айылдык кеӊешинин төрагасы |
З. Абдрахманов |