Редакцияот 10.09.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 10-сентябры № 26/6 -18

Кайыңды айылдык аймагынын «Кайыңды айыл өкмөтүнүн» 2013 -жылдын 6 айында аткарган иштери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын « Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» мыйзамынын 31-беренесинин 6-пунктунун негизинде «Кайыңды айыл өкмөтүнүн» башчысы М.Мызаевдин 2013-жылдын 6 айында аткарган иштеринин отчетун угуп талкуулап, Кайыңды айылдык аймактык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    «Кайыңды айыл өкмөтүнүн» башчысы М.Мызаевдин 2013-жылдын 6 айында аткарган иштери канаттандырарлык деп табылсын.

2.    Кайыңды айылдык аймагынын 2013-жыл үчүн кабыл алынган социалдык-экономикалык өнүгүү Стратегисынын аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы М.Мызаевге милдеттендирилсин.

3.    Депутаттар менен биргелешип иш жүргүзүү жагы, айыл өкмөтүнүн ФЭ бөлүмүнүн башчысы А.Субанбековага эскертилсин.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тармактык комиссиялардын төрагалары Б.Алымбаевге жана Б.Сулаймановго тапшырылсын.

 

Каыңды айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

З. Абдрахманов