Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-сентябры № 26/6 -20
«Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин жайыт комитетинин»2013-жылдын биринчи жарым жылында аткарылган иштери боюнча
Кайыңды айылдык аймагынын «Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин жайыт комитетинин »2013-жылдынбиринчи жарым жылдыгында аткарылган иштери боюнча маалыматын угуу боюнча, Кайыңды айылдык аймактык кеңешинин 26-чакырылышынын кезектеги 6-отурумунун күн тартибине киргизилген, «Жайыт комитетинин» башчысы Т.Керимбеков отурумга чакырылган, бирок белгисиз себептер менен келбей калгандыгына байланыштуу, Кайыңды айылдык аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013- жылдын «Жайыт комитети» Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын негизинде талапка ылайык тиешелүү иш жүргүзүлбөй жаткандыктан иштиктүү чара көрүүнү, «Жайыт комитетинин» башчысы Т.Керимбековгоэскертилсин.
2. «Жайыт комитетинин» ишин жогорулатуу максатында, жайыт пайдалануучулардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана колдоо көрсөтүү үчүн төмөндөгүдөй курамдагы комиссия түзүлсүн:
1. М.Мызаев – Кайыңды а\өкмөтүнүн башчысы, жумушчу топтун төрагасы
МҮЧӨЛӨРҮ:
Израилов Н.- а\кеңешинин депутаты, айыл чарбасы боюнча тармактык комиссиясынын төрагасы
Сыйдалиев Н.- а\кеңешинин депутаты, айыл чарбасы боюнча тармактык комиссиясынын мүчөсү
Узенбеков К.- а\кеңешинин депутаты, айыл чарбасы боюнчатармактык комиссиясынын мүчөсү
Шейшенов Н.- а\кеңешинин депутаты
Алымбаев Д. - а\кеңешинин депутаты
Сулайманов Б. - а\кеңешинин депутаты
3. Түзүлгөн комиссия, «Жайыт пайдалануучулардын бирикмесине» 2013-жылдын 01-октябрына чейин, аткарылган иштердин жыйынтыгы тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, «Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин» кеңешинин төрагасы М.Мызаевге тапшырылсын.
Кайыңды айылдык кеӊешинин төрагасы |
З. Абдрахманов |