Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-сентябры № 26/6- 21/1
Кайыңды айылдык аймактык
кеңешинин алдында КБФ тин
жерлерин ижарага берүү үчүн
аукцион – конкурс өткөрүү
комиссиянын курамын бекитүү
боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29 –июнундагы № 1997-III токтому менен бекитилген «КБФ тин жерлерин ижарага беруу тартиби боюнча» типтүү жобонун талаптарына ылайык Кайыңды айылдык аймактык кеңешинин алдында КБФ тин жерлерин ижарага берүү боюнча, аукцион – конкурс өткөрүү комиссиянын курамын бекитүү боюнча маселе каралып, Кайыңды айылдык аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды айылдык аймагына караштуу КБФ тин жерлерин дыйкандарга ижарага берүүдө аукцион – конкурс өткөрүү үчүн, төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн:
Узенбеков Кубатбек Каныбекович – Кайыңды а\аймагынын кеңешинин алдындагы, айыл чарбасы боюнча тармактык комиссиянын төрагасы, комиссиянын төрагасы.
МУЧӨЛӨРҮ:
Мызаев М. – а\окмотунун башчысы
Айтназаров Т. - а\о жер адиси.
Шейшенов Н. – а\кеңешинин депутаты
Сулайманов Б. - а\кеңешинин депутаты
Израилов Н. - а\кеңешинин депутаты
Усубалиев А. - а\башчы
Суанбеков Н. - а\башчы
Эралиев Н. – а\башчы
Сулайманов Т. – а\башчы
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29 –июнундагы № 1997- III токтому менен бекитилген «КБФ тин жерлерин ижарага берүү тартиби боюнча» типтүү жобосунун негизинде аукцион-конкурс уюштуруу жана мыйзамдын сакталышын камсыздоо жагы, айыл өкмөтүнүн башчысы М.Мызаевге милдеттендирилсин.
Кайыңды айылдык кеӊешинин төрагасы |
З. Абдрахманов |